БийликСаясат

Бекназаров: Эң биринчи ишим – малай тилин үйрөнүү болот

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Малайзияга элчилик кызматына саясатчы Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин жактырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-мартта элчилерди кабыл алып жатып, айрым элчилердин билим деңгээлин сынга алгып, керек болсо бухгалтеринен тартып, айдоочусуна чейин тил билиши керектигин баса белгилеген.

Ал эми Азимбек Бекназаров үчүн көп тил билүү анчалык маанилүү маселе эмес экен. Ал эң негизигиси, мамлекеттик тилди билип, Кыргызстанды сүйсөң болду дейт.

“Элчилик ишиндеги 200 сөздү азыр 3-5-класстан балдары деле жаттап алат. Малайзияга барсам, малай тилиндеги 200 сөздү бир айдын ичинде жаттап алыш колдон келе турган нерсе”, – деди ал.

Азимбек Бекназаров эгер элчи болуп дайындалып кала турган болсо, эң алгач эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилени чыңдоо, инвестиция тартып келүү аракетинин үстүндө иштей турганын кошумчалады.

Бекназаров буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков бир нече өлкөгө элчилик кызматты сунуш кылганын айткан. Бирок ал ортодо “саясий соодалашуу” болбогонун ишендирүүдө.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button