Окуялар

Батукаевдин иши боюнча айыпталып жаткан адам президент менен кошо өлкөдөн чыгып кетти

Президент Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Араб Эмираттарына жана Сауд Арабиясына болгон расмий делегациясынын арасында Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпталып жаткандардын бири – Зарылбек Рысалиев да кошо учуп кетти. Анын президент менен кошо учуп кетиши президенттик аппараттын коомчулук менен байланыш бөлүмү таркаткан билдирүүдөн кийин белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпталып жатат. Август айында Рысалиевдин баш коргоо чарасын караган Бишкектин Биринчи Май райондук соту, аны үй камагында калтырган. Зарылбек Рысалиев үй камагында, анын өлкөнүн аймагынан сыртка чыгууга укугу жок болчу.

Эгерде адам үй камагынын шарттарын бузса, мыйзам боюнча ал камакка алынышы керек.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button