Коом

Базар-Коргондук мигрант айылына эки кабаттуу мектеп куруп берди

Маалыматка ылайык, аталган участканын окуучулары буга чейин 3-4 чакырым алыстыктагы мектепке барып окушчу. Жаңыдан пайдаланууга берилген бул билим уясы Арстанбоб атындагы мектептин Досматов Темирбай атындагы бөлүмү болуп ачылды.

Ачылуу аземине Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси жана жергиликтүү тургундар менен окуучулар катышты.

Айыл тургундары алыска каттап окуган окуучулар жолдун алыстыгынан ар кандай кооптуу абалдарга туш болуп келишкенин билдиришти.

Мектептин курулушу 2019-жылы жайында башталып, Россиядагы мигрант Кубатбек Досматов каржылап берген. Жалпысынан ишкер 6 миллион сом бөлүп, айыл өкмөттөн 200 миң сом коротулган.

Толугу менен
Back to top button