Саясат

Бабанов саясатка кайтып келиши мүмкүнбү?

“Бабанов саясаттан биротоло кеткенин билдирип, партия лидерлигин өткөрүп берди. Соңку президенттик шайлоодо жарым миллиондон ашык добуш алган саясатчынын мындай кадамы эмнеден кабар берет?”

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров Бабановдун бул кадамын колдой турганын айтты.

“Өмүрбек Бабановдун бул кадамын өзүнүн чечими катары баалайм. Ал саясатта бир топ жылдан бери жүрөт. Партиянын лидери болуп келди. Бабановдун “мен саясаттан кеттим, лидерликти жаштарга өткөрүп берем” деген кадамын колдойм. Менин маалыматым боюнча, саясий кеңештин курамы өзгөрүлгөн экен. Алар бул маселени кеңешип, чечишкендей туюлат. Бабанов лидерликтен кеткен учурда да Мирлан Канатбековичке өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, кеңешин берет болушу керек”, – дейт Бакиров.

Коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев Бабанов өзүнүн байлыгын коргоп калыш үчүн артка чегингенге аргасыз болду деген пикирде.

“Бабанов саясаттан биротоло кеттим дегенине ишенбейм. Анткени бул саясатчы эле эмес, ал ишкер. Чоң саясатта ар кандай кырдаалдарда, бийликтин кысымына ишкерлер туруштук бере албайт. Анткени алар байлыктарын тарттырып жибериши мүмкүн. Байлар чоң саясатта жүрө албайт. Ошондуктан өзүнүн байлыгын коргоп калыш үчүн Бабанов артка чегингенге аргасыз болду. Кийин кырдаалга байланыштуу элдин талабы деп Бабанов саясатка келиши мүмкүн. “Республика” партиясынын артында Бабанов туруп, каржылабаса ансыз партиянын келечеги жок”, – дейт Келдибаев.

“Замандаш” саясий партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов “Республика” партиясынын жаңы лидерине ийгиликтерди каалай турганын айтты. 

“Өмүрбек Токтогулович партияны негиздеп эки жолу парламентке алып келген. Президенттик шайлоодо жарым миллиондон ашык добуш алган. Бул саясий айдыңында чоң жетишкендик. Мен дагы бир партияны жетектегендиктен, ага баа бергим келбейт. Ал съездде партиянын лидерлигин жаштарга өткөрүп берип жатканын айтты. Учурдан пайдаланып Мирлан Жээнчороевге ийгилик каалайм. Ал 39 жашта, анын күүлөнүп жаткан учуру. Кандай болбосун Бабановдун жасап кеткен иштери бар. Ар бир саясатчынын жакшы, жаман жагы бар. Жаңы лидерге ийгиликтерди каалайм. Кийинки саясий күрөштөрдө жетишкендиктер болот деп ойлойм”, – дейт Молдокматов.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, жарандык активист Адил Турдукулов белгилегендей, элдин көпчүлүгү “Республика” партиясы дегенде Бабановду элестетет.

“Биз көптөн бери Кулов, Текебаев, Атамбаев сыяктуу саясатчылар өз ордун бошотуп берсин деп айтып келгенбиз. Бирок аларга салыштырмалуу Бабанов жаш саясатчы, күчкө толуп турган кези. Анын Кыргыз мамлекетине кайтып келип, саясаттан кеткени ага коюлган шарт болду деген божомолум бар. Президенттик шайлоодон ошончо добуш алган адам саясатты таштабайт. Убактылуу тыныгуу болуп жатат деген ойдомун. Кайра партиянын жетекчилигине келүү ал үчүн оңой иш. Анткени ал партияны түптөгөн, көптөгөн каржысын дагы кетирген. Элдин көпчүлүгү “Республика” партиясы дегенде Бабановду элестетет. Ал укук коргоо органдары менен иштери бүткөндөн кийин, анын ири ишканаларын басып алуу коркунучу жок болгондон кийин, партиянын жетекчилигине келүү ал үчүн оңой болуп калат”, – дейт Турдукулов.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button