БийликӨкмөт

«Ат-Башы» хабы боюнча талаш күчөдү

Коомчулукта Ат-Башы районуна кытайлык инвестор курары айтылган логистикалык борбордун айланасындагы талаш күч алды. Мурда ага байланыштуу жыйындар Нарында өтсө, 22-январда Бишкекте да болду.

Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта салынуучу логистикалык борборго инвестор болрун билдирген кытайлык ишкер Лю Индин Кыргызстандагы өнөктөшү, ишкер Эмилбек Абдыкадыров бизнесмен Аскар Салымбеков баш болгон коомдук ишмерлер менен бирге басма сөз жыйынын өткөрүп, эл арасында тараган каңшаар кептерге жооп берди.

Абдыкадыров социалдык тармактарда тараган «Кытайга жер сатылды, борбор курулса Кытай жумушчулары каптайт» деген сөздөр жалган экенин белгилеп, кытайлык ишкер менен бардык шарттар ачык сүйлөшүлгөн деп ишендирүүгө аракет кылды:

– «Жерди Кытайга берип салыптыр» деп жатышат. Таптакыр андай эмес. Мамлекет бул жерди «Нарын» эркин экономикалык аймагына бөлүп берген. Алардан биз 49 жылга ижарага алдык. Экинчиден, «ошол жакта кытайлар көп иштейт экен» деп жатышат. Миграция мыйзамы боюнча сырттан келген инвестордун өлкөсүнөн 20% гана жумушчу иштей алат. Мен инвесторго бул мыйзамды айттым, ал «сырттан 5% гана жумушчу келет» деди. Ал жумушчулар адистер болот.

Бул ири долбоорду ишке ашыруучу «Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы» ишканасына кытайлык Лю Ин жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров ээлик кылат. Кыргыз ишкеринин айтымында, логистикалык борборду салыш үчүн Лю Ин 280 млн. доллар каражатты түз инвестиция кылат. Башкача айтканда мамлекеттен эч кандай кепилдик келишимдери жок. Ал эми анын курулушун кыргыз ишкери Эмилбек Абдыкадыров жүргүзөт.

Абдыкадыров кытайлык ишкер буга чейин Кыргызстанга инвестиция салганын белгилеп, долбоор ара жолдо калбайт деп ишенерин айтты:

Эмилбек Абдыкадыров.
Эмилбек Абдыкадыров.

– «Эч кандай насыя албайм, өз акчама курам, мен үчүн 280 млн. долларга куруу маселе эмес» деди. «Маселе ушул жакка завод-фабрикаларды тартып келүүдө» деди. Азырын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Жыйында 280 млн. доллар каражат логистикалык борборго суу, электр энергиясын жеткирүү, административдик имарат сыяктуу инфратүзүм даярдоого гана жумшалары белгилүү болду.

Эмилбек Абдыкадыров кытайлык ишкер өнөктөшү экөө эл аралык компаниялар менен сүйлөшүп жатканын белгилеп, логистикалык борборго смартфонго айнек салуучу, электромобил кураштырган ишкана сыяктуу ири завод-фабрика салынат деген дымактуу пландарын айтып өттү. Мындан тышкары жергиликтүү ишкерлерди кызматташууга чакырды. Айтор, Абдыкадыров долбоордо экономикалык, экологиялык, миграциялык шарттардын баары иштелип чыкканын айтып жатат.

Ат-Башыда соода терминалынын салынышын колдогондордун бири – белгилүү ишкер Аскар Салымбеков. Салымбеков Ат-Башы бажы төлөмдөрүндө жеңилдиктер каралган эркин экономикалык аймактардын бири экенин эске алып, логистикалык борбордун ушул райондо салынып жатканын кубаттайт. Ишкердин пикиринде мындай шарт логистикалык борбордун иштеп кетишине өбөлгө түзүп, 90% дотацияда отурган облус бюджетине бир топ тыгынчык болот.

– Социалдык тармактарда 200-300 киши жазып койгонуна ишенбейли. Нарында айыл өкмөттөрдүн баары «келсин» деп протокол түзүптүр. Алар да «байке, пикириңерди айткыла» деп чалып атат. Ошон үчүн бул жакта эмгеги сиңген адамдар чогулдук.

Анткен менен курулушка каршы болгондор логистикалык борбор үчүн ижарага берилген жер кийин Кытайга өтүп кетет деп чочулашат.

Жусупбек Кадырбеков – Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакка кытайлык ишкердин каржылоосу менен логистикалык борбордун салынышына каршы болгондордун бири. Кадырбеков Ат-Башыда курулушка каршы болгон жергиликтүү тургундар, активисттер арбын экенин айтууда. Ал 280 млн. доллар каражат саларын билдирген кытайлык ишкер менен кыргыз тараптын келишимдери ачык көрсөтүлбөй жатканы ар кандай шектүү ойлорду жаратып жатканын ортого салды:

Жусупбек Кадырбеков
Жусупбек Кадырбеков

– Булар дежур аксакалдардын сөзүн пайдаланганды үйрөнүп алышты. Алардын сөзү менен элдин башын айлантышат. Бүгүнкү жыйын ошондой эле болду. Мен басма сөз жыйынына кирип чыктым. Бул муну менен бүтпөйт. Коомчулук каршы турат.

Коомдук ишмер Чолпонкул Арабаев элдин чочулоосун мыйзам ченемдүү көрүнүш катары баалайт. Арабаев өлкө эгемендүүлүгүндө жергиликтүү эл чет элдик инвестордон оозу күйгөн учурлары көп болгонун эске салып, долбоордун юридикалык келишимдерин кылдат карап чыгууну сунуш кылды. Арабаев ишкер Эмилбек Абдыкадыровго, кыргыз өкмөтүнө кайрылып, логистикалык борборду куруу шарттарын элге түшүндүрүш керек экенин белгиледи:

Чолпонкул Арабаев.
Чолпонкул Арабаев.

– Мага чалып да айтып жатышат. «Жайлоого малды өткөрө албай калат экенбиз, эл жайлоого кандай өтөт?» деп сурап жатышат. Чек ара, бажы бери жылып кетпейби? Ушуну эл да сурап жатат. Эгере чын эле элге пайдасы болсо биз да «бийлик, эл колдоп бериш керек» деп ачык айткандай бололу. Эмил мырза, сиз ушулардын баарын ачык айтсаңыз туура болот.

2000-жылдардын башынан бери эле жергиликтүү бийлик Ат-Башыга соода терминалы салынарын билдирип, инвестор издеп келет. Учурда логистикалык борборду салууга бел байлаган инвесторлордун акчасы канча жылда актайт, ишке кирсе мамлекеттик казынага канча салык төгө алат? Ушул сыяктуу экономикалык негиздемелер айтыла элек.

13-январда Ат-Башы району менен Кытайдын чектеш аймагына соода-логистикалык борбордун курулушуна каршы жыйын өткөн. Жергиликтүү эл катышкан бул жыйында «логистикалык борбор курулса, кытай жарандары чек арага жакын аймактарды ээлеп алат» деген сөздөрдү айтышкан. Кыргыз өкмөтү муну суу кечпеген ушак катары баалап, кайсы бир күчтөр чагым уюштурушу мүмкүн деген болчу.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button