КоомОкуяларСаясат
Маанилүү

Ат-Башы: “Кытайларга жерди 49 жыл эмес, 49 күнгө да бербейбиз!”

Бүгүн, 28-январда Ат-Башы районунун айрым тургундары Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын алдына митингге чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчылар жазып чыгышты.

Алардын билдирүүсүнө караганда, митингге чыккандар индустриалдык-соода-логистикалык борборду кытайлык ишкерлер курууга каршы экендиктерин билдиришкен. Алар кытайларга жер берилбеши жана аталган борборду Кыргызстандын ишкерлери курушу керектигин баса белгилешкен. «Кытайларга жерди 49 жыл эмес, 49 күн берсе да, алар ал жактан өмүрү чыкпайт. Ошон үчүн биз аларге жер берүүгө каршыбыз! Бизге байлыктын кереги жок!», – дешкен митингдин катышуучулары. Алар мындай акцияны 30-январда дагы уюштура тургандыгын айтып, тарап кетишкен.

Эске сала кетсек, Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта салынуучу логистикалык борбор салынмак, ага инвестор кытайлык ишкер Лю Индин болмок, анын Кыргызстандагы өнөктөшү, ишкер Эмилбек Абдыкадыров, бизнесмен Аскар Салымбеков. Алар Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, эл арасында тараган ушак болбогон кептер экендигин айтып, элди түшүнүүгө чакырышкан. Бул тууралуу кечээ, 27-январда ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаев да айтып, инвесторлорду колдоп чыкты. Анын айтымында, Ат-Башыга кытайлар эч кандай уулуу зат чыгаруучу же ар кандай экологияны буза турган эч нерсе курган жок.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button