Экономика

Ат-Башыда 280 млн. $лык ири инвестициялык долбоор башталат

Ат-Башы районунда кыргыз Өкмөтү тарабынан ишке ашырылып жаткан жалпы баасы 280 млн. АКШ доллары турган ири инвестициялык долбоордун түптөлүш аземи болот. Бул тууралуу өздүк булактардан белгилүү болду.

Андагы маалымат боюнча, райондун Кара-Коюн аймагындагы «Нарын Эркин Экономикалык Аймагы» ээлеген 200 гектар жерге «Ат-Башы» Индустриалдык-соода-логистикалык комплексинин курулушу башталып, бүгүн Өкмөт башчы Мукамбеткалый Абулгазиев, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень, Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбековдор курулуштун алгачкы жер пайына капсула салышмакчы.

Курулуш «Кыргыз- Кытай Ат-Башы Эркин соода аймагы» ЖЧКсы тарабынан башталып, анбул мекеменин түзүүчүлөрү катары Кытай Эл Республикасынын ири инвестициялык компаниясынын ээси Лю Ин жана кыргызстандык ишкер Эмилбек Абыкадыровдун аты аталды.

Долбоор боюнча, аталган комплекс соода-көргөзмө жайларынан жана трансорттук-логистикалык борборду өз ичине камтып, озгөчө укуктук макамда иштиктүү-административдик инфраструктуралык түзүмдө иш алып барат. Инвестициялык долбоордун ишке ашырылышына КР Өкмөтүнүн алдындагы Инвестицияларды тартуу жана коргоо Агенттигинин салымы чоң.

«Баштапкы курулуш иштери 2020-жылдын күз айларында бүтүп, комплекс кызмат көрсөтүү иштерин баштаары болжолдонууда. Курулуш иштерине жана комплекс иштеп баштагандан тартып 3000 жумушчу иш менен камсыздалып, анын 90 %ы жергиликтүү калктан кабыл алынат»,-деп айтылат бизге жеткен маалыматта.

Эске сала кетсек, мындай индустриялык парктар Казакстанда «Хоргос», Белорусияда «Великй Камень» аталышында КЭРдин жардамы менен салынып, өлкөгө экономикалык ири кирешелерди алып келген.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close