БийликПартияларСаясат

“Ата Мекендин” тизмесинен Болот Шер баштаган төрт киши чыгып кетти

Партиянын тизмеси боюнча Шыкмаматов кеткенден кийин ордуна депутат боло турган төрт талапкер чыгарылды. Бирок алар уюмдун катарында кала бермекчи.

“Ата Мекен” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен төрт адам чыгарылды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган тизмеден чыгуу боюнча Талант Узакбаев, Ташболот Балтабаев, Рысбек Мирзаматов жана Болот Шер арыз берген. Натыйжада БШКнын чечими менен төртөө тең чыгарылды. Бул алардын партиядан чыкканын эмес, депутаттыктан баш тартканын түшүндүрөт.

Мурдараак эле депутат Алмамбет Шыкмаматов партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестиктен улам мандатын тапшырып кетип калган. Партиянын тизмеси боюнча анын орунда Узакбаев депутат болуп бармак. Андан кийинки сапта Балтабаев, Мирзаматов жана Болот Шер турган.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button