ВидеоКоом

Арстан Алайга сыйынгандардын видеосу тарады

Өзүн «Кудаймын” деп эсептеп келген Арстан Алайга сыйынгандардын видеосу тарады. «Media center» Ютуб каналындагы видеодон боз үйдө топтошкон аялдар Арстан Алайдын ысымын улам атап, ага сыйынып жатканын көүүгө болот.

“Өзүңүздөр көргөдөй, бул жакка адамдар келип сыйынышат экен”, – деди видеонун автору.

Арстан Алай Абдылдаевдин “Мен – Кудаймын” деген сөзү боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганын шаардык милициянын басма сөз кызматы кабарлаган.

Анда айтылгандай, бул факт боюнча «Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу» беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Иликтөөнүн алкагында лингвистикалык экспертиза да дайындалды.

16-октябрда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов депутат Улугбек Ормоновдун теңирчилер боюнча суроосуна жооп берип жатып, “Мен – Кудаймын” деп айткан адамдын сөзү экспертизага жөнөтүлгөнүн, анын жыйынтыгы боюнча тийиштүү чара көрүлө тургандыгын билдирген.

Ал эми Арстан Алай элди улуулукка үндөгөндөр эмес, элди артка тарткандар соттолушу керектигин айткан.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close