КоомМаданият

Анкарада Айтматовдун эстелиги тургузулат

Урматтуу мекендештер! Дүйнөгө таанымал залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 91 жылдыгына карата Түркиянын Анкара шаарындагы Кечиөрен районунда орун алган «Чыңгыз Айтматов» атындагы сейил бакка Айтматовдун айкели тургузулат.

Кыргызстандын Түркиядагы Элчилиги жана Кечиөрен райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулган салтанатуу ачылыш аземинин программасында төмөнкүлөр орун алат;

1)Эки элдин гимни
2)Башкы коноктордун трибунада сөз сүйлөөсү
3)Эстеликти ачуу аземи
4) Кыргыз музыканттарынын аткарууларындагы күүлөр

Иш-чара өтө турган убакыт: 12-декабрь,бейшемби, күндүз саат 11.00
Иш-чара өтө турган жер: Кечиөрен кичи району ,Барышйолу көчөсү №8,Инжирли махаллеси,Ч.Айтматов атындагы паркы.

Анкарада жана башка шаарларда жашаган баардык мекендештерди келип катышууга чакырабыз. Сиздерди бул салтанатта көрсөк сыймыктанабыз жана кубанычта болобуз. Келиңиздер Анкарадагы Ч.Айтматов атындагы парктан жолугабыз.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button