КоомМаданият

Анжеликага сүйүктүүсү 501 роза гүлүн тартуулады

Ырчы Анжелика Кайратовага сүйүктүү адамды 501 роза гүлүн тартуулады. Бул тууралуу ырчы өзү маалымдады.

“Ал мага бүгүн 501 розаны белекке берди жана “Мен сени акыркысы солуп калганча сүйөм деп айтты”,- деп жазды ырчы.

Ошондой эле Кайратова роза гүлдөрүнүн сүрөтүн жүктөдү.

Ырчынын күйөрмандары “гүл аздык кылат, өмүр бою сүйсүн” деген пикирлерин жазып, ага бакыт каалашууда. Постко 44 миңден ашык адам “жакты” деген белгини басты.

Белгилей кетсек, Анжелика Кайратова ырчы гана эмес алып баруучу, реалити долбоорлордун автору, Айым-Style борборунун негиздөөчүсү, актриса жана продюсер катары да иш алып барып келет. Учурда үч кызды тарбиялоодо. Жакында коомчулукка сүйүктүү адамын тапканын, ал шакек салганын жарыялаган.

Толугу менен
Back to top button