Саясат

Алтынбек Сулайманов: эркектерге караганда аялдардын саясий позициясы туруктуу

“Бир Бол” партиясы 2015-жылы шайлоого аттанып жатып, элге кеминде 45тей убада берген. Бирок айтылган жалындуу сөздөрдүн көпчүлүгү аткарылбай калганын фракция лидери Алтынбек Сулайманов мойнуна алды.

Саясатчы мунун башкы себеби катары партия жетишерлик мандат албай калганын айтат. Ошону менен катар эле партиянын программасында мүчүлүштүктөр кеткенин да жашырган жок. “Бир Бол” фракциясы VI чакырылышта парламенттин 8,5 пайызын түзүп, 12 мандат алган. Багыты — либералдык-демократиялык.

— “Бир Бол” партиясынын 2015-жылы шайлоо алдындагы программасы жалпысынан 45 убададан турган. Учурда алардын экөө толук, 21и жарым-жартылай ишке ашыптыр. Калган 22си аткарылбай калган. Бул сиздер үчүн жетишкендикпи же төмөн көрсөткүчпү?

— Негизинен VI чакырылыштын алты фракциясынын программасы ар түрдүү болгону менен жалпы максаты бир. Ал — мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошуу. Бирок “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей, көпчүлүгүнүн программасы ишке ашпай калат. Алардын ичинде биздин партиянын дагы айрым убадалары, жакшы пландары, ойлору аткарылбай калды.

Парламентке келген соң мыйзамга ылайык коалиция түзүлөт. Ага кирбей калгандары оппозицияда калат. Натыйжада программаларын, убадаларын ишке ашырууга мүмкүнчүлүктөрү тарыйт. Биз да ушундай абалга туш болдук. Себеби Жогорку Кеңеште 12 гана орунга ээ болуп, анын эки жылын оппозицияда өткөрдүк. Кийин коалицияга кошулган соң биздин партиянын программасын эске алышпай, сунуштарыбыз өтпөй калды. Өкмөттүн башчылары партиялардан келбегендиктен көз караштарыбыз дал келбей, талаш-тартыштар жүрүп жатат. Биздин айткан ойлор менен алар макул эмес, ал эми өкмөттүн пикири менен биз айласыздан макул болобуз. Ишине тоскоол болбой, колдоп туралы дейбиз.Мындан сырткары, партиянын программасында бир аз мүчүлүштүктөр бар экендигин мезгилдин өтүшү менен иш жүзүнө келгенде байкадык.

— Партиянын программасынын башкалардан айырмалап турган убадалардын бири мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо болчу. Бирок төрт жылдан бери иш солгун жүрүп жатат. Дагы канча убакыт керектелет?

— Мамлекеттин мүлкүн тактайбыз деп элге убада берип, өзүбүзгө тапшырма койгонбуз. Жогорку Кеңеште токтом кабыл алып, фракциянын чечимин чыгарганбыз. Бул багытта өкмөт иш алып барып жатат, бирок татаал жумуш болгондуктан толук бүтө элек. Учурда калктын санын каттоодон өткөрүү, алардын миграцияда жүргөндөрү, жумушсуздары канча, орто камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн санын аныктап, андан тышкары, мамлекеттик кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү тактоо керек. Азырынча өкмөт иш жүрүп жатканын айтып, бирок бүтө турган учурун так билдире албай жатат.

— Инвентаризация жүргүзүүдө Кыргызстанда сейрек кездешкен жаныбарлар киреби?

— Албетте, бардыгынын саны болушу керек. Кыргызстанда канча кулжа, илбирс калгандыгын так болбосо дагы болжолдуу түрдө билишибиз шарт. Учурда үй жандыктарын тактоо жүрүп жатат. Буга чейин муну Акылбек Жапаров 2015-жылы сунуштап чыкканда көпчүлүгү күлдү эле. Эми мындай муктаждык келип чыгууда. Бул багытта көзөмөл уланат.

Депутат ЖК, лидер фракции Бир Бол Алтынбек Сулайманов на радиостудии Sputnik Кыргызстан
Сулайманов: “Бир Бол” Жогорку Кеңеште 12 гана орунга ээ болуп, анын эки жылын оппозицияда өткөрдү. Кийин коалицияга кошулган соң биздин партиянын программасын эске алышпай, сунуштарыбыз өтпөй калды.

— Өлкөдө кайсы тармакты алып караба, бири-бирин кайталаган, ал тургай каршы келген мыйзамдар бар. Учурдагы саясатчылардын мыйзам талаасында инвентаризация жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү жетеби?

— Бизде мыйзамдардын жалпы саны 3 700. Андан тышкары, 10 миңден ашык парламенттин токтому, 20 миңден ашуун өкмөттүн токтому, президенттин жарлыктары, ведомстволордун буйруктары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын 50 миңдей токтомдору болуп отуруп 102 миңдей ченемдик-укуктук актылар бар. Бул абдан көп. Карама-каршылыктар, кайталоолор мына ушул жактан келип чыгууда. Өнүкөн өлкөлөрдө бир мыйзам долбоору айлап-жылдап талкууланып отуруп, элге иштей турган мыйзам чыгарышат. Ал эми бизде үтүр, чекитин өзгөртүп коелу деген нерсе болуп жатат. Мына ушул практиканы жок кылышыбыз керек. Мыйзам чыгарууну токтотуп, бар мыйзамдарды инвентаризациялап чыгуу шарт. Канчалык эреже аз болсо, адамдардын кыймылдашы, мамлекеттин, экономиканын өсүшү ошончо тез, эркин болот.

Бүгүнкү күндө мамлекетти жалпы реформалоо зарылдыгы турат. Буларды жаңы көз караштагы билимдүү адамдар тобу мамлекеттин башына келип ишке ашырса, өлкө алдыга жылуусуна толук мүмкүнчүлүк бар. Ал эми бүгүнкү түшүнүктөр эскирди. Учурда иштеп жаткан команда менен, алардын ичинде мен да бармын, бул иштерди алдыга жылдыра албайбыз.

— Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышында мыйзамдарды иретке келтирүүгө билими, тажрыйбасы жетиштүү депутаттар келет деп ишендире аласызбы?

— Отуз жылдан бери келе жаткан саясатчылар, жыйырманчы кылымдын адамдары моюнга алып, түшүнүшүбүз керек. Креативдүү ой жүгүртө алган, нанотехнологияларды колдоно билген муун келип оңдобосо, эски муун кайра эле көнгөн адат менен кагаз иштерине көмүлүп алып жүрө беребиз. Ошондуктан жаңы көз караштагы жаштарыбыз өкмөткө, парламентке келсе, аларга биз жол беришибиз керек.Таптакыр жок эмес, бир-экиден келип жатышат, бирок алар кайрадан эле мурдагы муундун “сазына” батып калууда. Башкача айтканда, алар аз. Ушундай адамдардын тобу команда менен келсе, аларды эл колдоп берсе, көп нерсени өзгөртсө болот.

— Бул жаатта реформаны тез убакытта жасоого мүмкүнбү? Кыргызстанда жылына 2-3 мыйзам кабыл алынып калышын элестете албай жатам.

— Эми буга өнүккөн өлкөлөр жылдап отуруп келишкен. Биз эгемендүүлүк алганыбызга 30 жыл болду, бирок союздун инерциясы, ошол түшүнүктөр менен келе жатабыз. 20 жыл президенттик, андан кийинки тогуз жыл парламенттик башкарууга өттүк. Мындайдан баары өткөн, бирок бизде бир аз темп жай болуп жатат. Мунун баары акырындап калыптанат. Жаңы күчтөр, жаңы көз караштагылар эле бул багытта жылыштарды жасабаса, мен 10 жылдан бери депутат болуп отурган адам катары айта алам, азыркы саясий жүздөр менен чоң секириктерди жасай албайбыз.

Бирок өзгөрүү деген — революция эмес. Элибиз ал жолдон өткөн. Ошондуктан мыйзам чегинде, шайлоо жолу менен барышыбыз керек.

Кыргызстанда партиялык идея деген түшүнүк калыптана элек. Элди уруу, жердешчилик, акча менен шайлап жатат деп күнөөлөйбүз. Анткени шайлоочуларды өзүбүз ошого түртүп жатабыз, бизде башка тандоо жолу жок. Эгер партиялык идея өнүккөн болсо, көз караш, максаттары бир адамдар бир топко бириксе, алар өз багытын так аныктаган программаларды сунуштаса, элде өзүнө жакканын тандап алуу мүмкүнчүлүгү жаралмак. Үгүт учурунда “жердештерим”, “мен силердин кулунуңармын”, “менин уруулаштарым”, “өзүңөрдүн балаңар” ж.б.у.с. сөздөр менен куру убадаларды берип кетип калбай, конкреттүү программа менен тааныштырышы керек. Бардык талапкерлердин сүйлөгөн сөзү, берген убадалары бирдей болушу шарт. Башкача айтканда, шайлоого акча менен эмес, билимге, илимге таянган, стратегиялык жактан иштелип чыккан, өлкөнүн бардык тармактагы кемчиликтери менен артыкчылыктары эске алынган сапаттуу программа түзүлүшү керек. Шайлоочулардын шайлоого болгон мамилесин мына ушинтип өзгөртө алабыз.

Депутат ЖК, лидер фракции Бир Бол Алтынбек Сулайманов
© SPUTNIK / АСЕЛЬ СЫДЫКОВА
Сулайманов: 30 жылдан бери келе жаткан саясатчылар, жыйырманчы кылымдын адамдары моюнга алып, түшүнүшүбүз керек. Креативдүү ой жүгүртө алган, нанотехнологияларды колдоно билген муун келип оңдобосо, эски муун кайра эле көнгөн адат менен кагаз иштерине көмүлүп алып жүрө беребиз.

— Убадалардын ичинде мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу боюнча айтылган эле?

— Биздин калктын саны алты миллион. Алардын ичинен үч миллиону 18ге толо элек жарандар. Калган үч миллиондун бир миллиону сыртта миграцияда жүрөт. Ошондо эки миллион адамдын ичинен 400 миңи мамлекеттен айлык алат. Бул абдан көп. Бюджет 160 миллиард болсо, 80 пайызы маянага кетет. Өнүгүүгө каражат бөлүнбөй, жол салуу, таза суу менен камсыздоо сыяктуу башка социалдык маселелерди гранттардын эсебинен ишке ашыруудабыз.

Бири-бирин кайталаган кызматтар, кереги жок мамлекеттик ишканаларды жоюшубуз зарыл. Алар бюджетке зыян келтирип, чыгымдарга учуратууда же алган айлыгы жарытпайт. Ошондуктан кыскартууларга барып, мамлекеттин алы жетпей жаткан тармактарды жеке менчикке коркпой эле өткөрүп берүү керек. Анткени бизде нефть жок, сырттан ташып келебиз. Деңизге чыга албайбыз, темир жол, аба жолдорубуз начар абалда. Бизди өнүктүрө турган жалгыз нерсе — адам ресурсу. Туризм, соода-сатык ж.б. кызматтарды көрсөтүү менен экономиканы көтөрсөк болот. Тилекке каршы, мындай сунуштар өкмөттү кызыктырбай жатат.

— “Бир Бол” партиясы келе жаткан шайлоого катышабы?

— Шайлоого барабыз. Бул жолу такыр башкача программа менен аттаналы деген ниеттебиз. Басымды либералдык экономика багытында башкаруу системасын реформалоого коебуз. Үгүт иштеринде да үлгү бололу деген ойдобуз. Мал союп, концерт бербейбиз.

— Партиядагы Акылбек Жапаров, Мыктыбек Абдылдаев сыяктуу көрүнүктүү саясатчылар катарда калабы?

— Ооба, эгер өздөрү кааласа калат. Бирок катарыбыз суюлат. Азыркы айрым мүчөлөрдүн ордуна жаштар канатыбыздагы улан-кыздар кирип калуусу ыктымал. Учурда жаңыча көз караштагы жаштарды издеп жатабыз, айрымдары бизге кошулабыз деп өздөрү келүүдө. Ошондой эле биздин идеяга туура келгендер менен биригишибиз да мүмкүн. Ал эми социал-демократтар, коммунисттер менен баалуулуктарыбыз туура келбейт жана биз аларга оппонент болобуз. Айтор, партияда бир топ өзгөрүүлөр болот.— Мурдагы чакырылыштарда ар бир төртүнчү талапкер аял болгону менен парламентке келгенде мандатты эркек депутат алып калчу. 2020-жылдан баштап мыйзамдын негизинде аял кетсе, ордуна аял эл өкүлү келет. Сиздердин партия буга даярбы?

— Чындап келгенде эркектерге караганда аялдардын саясий позициясы туруктуу. Муну көрүп, күбө болуп эле жатабыз. Жогоруда жаңыча көз караштагы адамдар катарыбызды толуктайт дедим, ошол шарттарыбызга туура келген аялдар катарыбызда болот. Башкача айтканда, тандоо жетиштүү. Болгону көпчүлүк кыз-келиндер “саясат кир, булганабыз, жаман көрүнөбүз” деген ой менен аралашкысы келбейт. Бирок саясатта аял-эркек деп бөлүнүү болбошу керек. Ал жерде билим деңгээли, мүмкүнчүлүктөрү менен айырмаланып туруу шарт.

 

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button