Спорт

Александр Крестинин: «Эртең эмне болорун эч ким билбейт!»

Кыргызстан менен Япониянын улуттук курама командалары 14-ноябрь күнү саат 17:15те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо мелдешмекчи.

Кыргызстандын футбол боюнча башкы машыктыруучусу Александр Крестинин бул оюн тууралуу өз оюн айтты:

«Азия Кубогунда жетиштүү тажрыйба чогулта алды деп ойлойм. Боло турган оюн командада маселе болбошу керек. Физикалык даярдыгыбыз да жакшы. Даярдык иретинде Өзбекстандын курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрдүк. Бул да оюнга жакшы даярдык болду. Эртең эмне болорун эч ким билбейт. Көзү ачыктык кыла бербегиле. Япониянын улуттук курама командасы бир гана Азия Кубогунун чемпионттарында гана эмес, дүйнө чемпиондугунун көп жолку катышуучусу. Курамындагы оюнчулар жалаң тандалган күчтүү оюнчулар. Бирок ар бир команданын алсыз тарабы болот. Биз алардын оюнчуларын толук иликтеп чыктык. Алардын алсыз жагынан сокку урабыз. Бизди катаал оюн күтүп жатат»

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close