Коом

Алгачкы ирет аскер бөлүгүндө китепкана ачылды (сүрөт)

“Бир адамдан бир китеп” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясынын 10 127 аскер бөлүгүндө алгачкы жолу китепкана ачылды. Бул туурасында долбоорду уюштуруучулардын бири Эрлан Смайыл уулу билдирди.

Анын айтымында, “Бир адамдан бир китеп” долбоору буга чейин мектептерде ишке ачып келсе, мындан ары аскер бөлүктөрүндө китепканалар ачылат.

“Биздин долбоор республиканын булуң-бурчуна кучагын жайып, өз жемишин берип келе жатат. Биз үчүн бул чек эмес, мындан ары да коомдуу китеп окууга үндөгөн иш-чараларды ишке ашыруунун үстүндө иштейбиз. Ал эми бүгүн, 10-декабрда Улуттук Гвардиянын 10 127 аскер бөлүгүндө алгачкы жолу китепкана ачылып, тандалма 100 китеп белекке берип келдик. Ачылуу аземине КРнын маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, акын жана журналист Зайырбек Ажыматов, “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун негиздөөчүлөрү Бакай Акылбеков, Табылды Муратбеков жана ыктыярчылыр тобу катышты. Китепкөй кыргыз армиясын түзүү биздин кыялыбыз”,-дейт Эрлан Смайыл уулу.

На изображении может находиться: 2 человекаНа изображении может находиться: 2 человека

На изображении может находиться: 16 человек, люди улыбаются, люди сидятНа изображении может находиться: один или несколько человек

Толугу менен
Back to top button