Бийлик

Ак-Буура дарыясынын жээги көрктөндүрүлүп, эс алууга шарт түзүлөт

Ош шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгы тарабынан даярдалган Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүп, жашылдандыруу боюнча эскиздик долбоору менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашов таанышып, 2020-жылдын башынан баштап дарыянын жээктери бошотулушу керектигин билдирди.

Долбоордо дарыянын жээгин бекемдөө, жөө адамдар басуучу жол, веложол, жарыктандыруу, дарыянын жээгине түшүүчү тепкичтер каралат.

“Ош шаары Сулайман-Тоо жана Ак-Буура дарыясы менен белгилүү. Дарыянын жээктерин оңдоп, эс алууга шарт түзөбүз. Ак-Бууранын жээгин жалпы эл пайдаланыш керек. Дарыя шаардын көркү. Долбоордо каралган дарыянын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар, тосулуп алынган жерлер бошотулат. 2020-жыл ичинде курулуш иштери жүрөт”,-деди шаар мэри.

 

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button