Саясат

Акылбек Жапаров орустардын агентиби?

Жогорку кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров «Кыргызстандын элинин 90 %ы Россияга кошулууга даяр» деп билдирди. Мына дээрлик 25 жылдан бери эл билген, эл үмүт арткан үлкөндөрдүн жыйынтык пикири! Муну кыргызда «ийлеп-ийлеп итке салмай» деп коёт. Олигархтардын ушинтип баштаганы улуттун коопсуздугуна, ошондой эле эгемендүүлүккө кооптуу коңгуроо.

[totalpoll id=»1548″]

Эмне эле ат тезегин кургатпай «Спутникке» каттай баштады десе, шайлоого аз калганда , аттын оозун коё бере турган убакытты болжоп, минтип сайрап баштаганы да жөн жерден эмес окшойт.

«Sputnik Кыргызстан» маалыматтык агенттигиндеги издөө натыйжалары көрсөткөндөй Акылбек Жапаров бул агенттикке 2017-жылы 2 жолу, 2018-жылы 4 жолу чыккан. Эң таң калычтуусу 2019-жылдын май айынан баштап бул көрсөткүч 12ге жетип калганы көп нерселерден кабар берип тургансыйт.

 

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close