Дүйнө

АКШда токой өрттөрү жайылып баратат.

АКШнын Санта-Барбара шаарынын түндүгүндө башталган токой өрттөрү 2 миң 400 үйгө коркунуч жаратууда.

Санта-Барбаранын өрт өчүрүүчү кызматынын басма сөз катчысы Майк Элиасон, жергиликтүү телекөрсөтүүгө берген маалыматында тилсиз жоонун 16 чакырымдык аянтка жайылгандыгын белгиледи.

Өрттөн жабыркагандар катталган жок бирок аймакка жакын жерлерде жашаган 6 миң 300 киши үчүн эвакуациялоо буйругу берилди.

Мурунку күнү кечинде шаардын түндүгүндөгү «Лос Падрес» улуттук паркында башталган тилсиз жоонун шамал менен бирге Санта-Инез тоолорунун этектерине жана капчыгайларына карай жайылып бараткандыгы белгиленди.

Улуттук метеорология кызматы, бүгүн түндөн тарта аймакта күтүлгөн шамал жана жамгырдын өрттүн жайылуусуна бөгөт болушу мүмкүн экенин билдирди.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close