КоомСпорт

Айсулуу Тыныбекова темир тулпарлуу болду

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова жаңы унаалуу болду. Бул тууралуу спортчу өзүнүн Instagram баракчасында билдирүү жасады.

Тыныбекова 2019-жылы чыккан «Тойота» үлгүсүндөгү унааны белекке алды.

«2019-жылкы “Тойота” үлгүсүндөгү унааны белек кылган ”Газпром Кыргызстан” ишканасынын башкы директору Абилдаевге ыраазычылык билдирем», — деп жазган спортчу.

Тыныбекова ушул жылдын сентябрь айында Нур-Султан калаасында өткөн кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде дүйнө чемпиону болгон. Ал 62 килограмм салмакта күч сынашкан.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш уюмунун (UWW) 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча «Тарых жаратуучу« наамына татыган.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button