БийликПартияларСаясат

Айсулуу Мамашова «Ата Мекен» фракциясынын лидери болду

Депутат Айсулуу Мамашова «Ата-Мекен» фракциясынын лидери болуп дайындалды. Бул туурасында фракция депутаттарынын жыйынында белгилүү болду.

Бүгүн «Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов партия лидери Өмүрбек Текебаев менен жаралган пикир келишпестиктен улам мандатын тапшырып бергени маалым болгон.

Мындан улам депутаттар жаңы лидерди шайлоого чогулуп, Садык Шер-Нияз менен Сайдулла Нышанов талапкерлигин койгон. Аларды шайлоо эки тур менен өткөнүнө карабай, экөө бештен добуш алып тең чыгып калган. Мындан улам башка адамдын талапкерлигин кароого өтүп, натыйжада Айсулуу Мамашова «Ата Мекен» фракциясынын лидери болуп шайланды.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close