Саясат

Айеркен Саймаитиге мыйзамсыз паспорт берген кызматкердин кылмыш иши токтотулду

Бишкектин Свердлов райондук соту Айеркен Саймаитиге мыйзамсыз паспорт берген мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкеринин үстүнөн козголгон кылмыш ишин токтотту. Буга кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткени себеп болгон. Бул тууралуу Каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматтарга караганда, прокуратура бул чечимдин үстүнөн даттанмакчы.

Эске салсак, июль айында кытай жараны Айеркен Саймаитиге жасалма кыргыз паспортун берген деп Сузак райондук калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адисине айып тагылган.

Стамбулда куралдуу кол салуудан улам кытайлык ишкер Айеркен Саимаити көз жумган. Анын ысымы Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөдө айтылган болчу. Айеркен Саймаитинин жасалма кыргыз паспортун алганы билгилүү болгон.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button