Экология

Аба ырайы: жамгыр карга айланат

24-ноябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар аралаш жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаайт. Жолдорго тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, Ысык-Көл, Нарын дубандарында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн -3…+2, күндүз -1…+4,

Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…-6,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3,

Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…+1,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -6…-11 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз жамгыр жаап, карга айланат.

Ачкыч сөздөр
Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button
Close
Close