Экология

Абанын булганышы. Бишкекте өзгөчө кырдаал киргизүүнү талап кылып жатышат

Кыргыз өкмөтү абанын булганышына байланыштуу Бишкекте өзгөчө кырдаал киргизүүсү керек. Көк түтүндөн арылуу үчүн мына ушундай чакырык менен кыргызстандыктар change.org сайтында кол топтоодо.

Документте айтылгандай, борбордо абанын сапаты адамдын ден-соолугу үчүн кооптуу бойдон калууда. Жекшембиде шаардын үстүн каптаган кара түтүндөн, жадагалса, жол чырактар да көрүнбөй калган.

Петицияда белгиленгендей, мыйзам боюнча өзгөчө кырдаал Кыргызстандын тигил же бул аймагында адамдардын ден-соолугуна, айлана-чөйрөгө зыянын тийгизип, адам курмандыктарына алып келиши мүмкүн болгон кооптуу табигый, техногендик кубулуш, кырсык же авария болгондо киргизилет.

Кыш түшөрү менен Бишкекти кара түтүн каптап, социалдык тармак колдонуучулары бийликтен чечкиндүү кадамдарды талап кылууда.

Ал ортодо Абдывахап Нурбаев, Жанар Акаев баштаган депутаттар тобу таза аба үчүн мыйзам долбоорун сунуштап жатат.

Мыйзам долбоору:
1️⃣ Кыргызстанда К2, К3 деген сапатсыз бензинди колдонууга тыюу салат.
2️⃣Кыргызстанга электромобилдерди алып келем/ушул жакта чыгарам дегендер салыктан бошотулат.

Эксперттердин эсебинде абадагы булганыч заттардын 70%ы автоунаалардан чыгат.

Бишкек мэриясы абадагы зыяндуу заттардан сактануу максатында адамдарга бет кап кийип жүрүүнү сунуш кылды.

Толугу менен

Тектеш темалар

Back to top button